Загрузка документа…
ЛЕНИНПОЛЬ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 14-декабры № 72
«Бакай-Ата айылындагы Жунусов атындагы орто мектебинин от жагуучу жайын күрөш залына реконструкциялоо жөнүндө»
Бакай-Ата айылдык кенешинин VII-чакырылыштагы депутаттарынын 2017-жылдын 10-кезексиз сессиясы, Ленинполь айылдык кеңешинин депутаты И.Абдылдаевдын үлүштүк түрткү берүүчү гранттын эсебинен капиталдык оңдоодон өткөрүү боюнча демилгесин угуп, талкуулап,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бакай-Ата айыл өкмөтүнүн Жунусов атындагы орто мектебинин от жагуучу жайын күрөш залына реконструкциялоого үлүштүк түрткү берүүчү гранттын эсебинен капиталдык оңдоодон өткөрүү максаттуу жана керектүү деп табылсын.
2. Жунусов атындагы орто мектебинин от жагуучу жайын күрөш залына реконструкциялоого капиталдык оңдоодон өткөрүү долбоорунун сметасынын жалпы суммасы 3 677 000 (үч миллион алты жүз жетимиш жети миң ) сомду түзгөндүгү белгиленсин.
3. Долбоорду ишке ашыруудагы өздүк салымдын 723 400 (жети жүз жыйырма үч миң төрт жүз) сому накталай акча түрүндө айыл аймагынын 2018-жылдын бюджетине киргизип, которулуп берилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Доулбековго жүктөлсүн.
Төрага | Н.Шадыбеков |