Загрузка документа…
ЛЕНИНПОЛЬ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 14-декабры № 74
Бакай-Ата айылындагы №1 БСРди механикалык тазалоо жөнүндө
Бакай-Ата айылдык кенешинин VII-чакырылыштагы депутаттарынын 2017-жылдын 10-кезексиз сессиясы, Бакай-Ата айылынын тургуну А.Муратбековдун үлүштүк түрткү берүүчү гранттын эсебинен капиталдык оңдоодон өткөрүү боюнча демилгесин угуп, талкуулап,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бакай-Ата айыл өкмөтүнүн №1 БСРди механикалык тазалоого үлүштүк түрткү берүүчү гранттын эсебинен өткөрүү максаттуу жана керектүү деп табылсын.
2. №1 БСРди механикалык тазалоого капиталдык оңдоодон өткөрүү долбоорунун сметасынын жалпы суммасы 2 540 400 (эки миллион беш жүз кырк миң төрт жүз) сомду түзгөндүгү белгиленсин.
3. Долбоорду ишке ашыруудагы өздүк салымдын 508,1 миң (беш жүз сегиз миң) сому накталай акча түрүндө айыл аймагынын 2018-жылдын бюджетине киргизип, которулуп берилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Доулбековго жүктөлсүн.
Төрага | Н.Шадыбеков |