Загрузка документа…
ЛЕНИНПОЛЬ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 14-декабры № 78
Бакай-Ата айылынын борбордук көчөсүн түнкү жарыктандыруу орнотуу жөнүндө
Ленинполь айылдык Кеңешинин 2017-жылдын 14-декабрындагы 10-кезексиз сессиясы Бакай-Ата айылынын борбордук көчөсүн түнкү жарыктандыруу орнотуу долбоорун Бакубат Талас фондусуна долбоорду даярдап карап чыгып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бакай-Ата айылынын борбордук көчөсүн түнкү жарыктандыруу орнотуу долбоору максаттуу жана керектүү табылсын.
2. Долбоорду ишке ашыруудагы тиешелүү 1 947 210 (Бир миллион тогуз жуз кырк жети миң эки жүз он ) сом суралсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Бакай-Ата айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Доулбековго жүктөлсүн.
Төрага | Н.Шадыбеков |