Загрузка документа…
ЛЕНИНПОЛЬ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 28-июну № 47
Ленинполь айылдык кеңешинин алдындагы туруктуу комиссиялардын 2017-жылдын 6 айында аткарылган иштери жөнүндө
Ленинполь айылдык Кеңешинин 2017-жылдын 28-июнундагы кезексиз 7-сессиясы Ленинполь айылдык кеңешинин алдындагы туруктуу комиссиялардын 2017-жылдын 6 айында аткарган иштерин карап чыгып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жер комиссиясынын 2017-жылдын 6 айында аткарган иштери канааттандырарлык деп белгиленсин.
2. КБФ жерлердин аянттарын, ички жолдорду ирээтке келтирүү жана трасса жээгиндеги үлүш жерлердин чек араларын аныктоо иштери 2017-жылдын 15-июлуна чейин бүткөрүлсүн.
3. Бюджет комиссиясынын 2017-жылдын 6 айында аткарган иштери канааттандырарлык деп белгиленсин.
4. Социалдык маселелер боюнча комиссиясынын 2017-жылдын 6 айында аткарган иштери канааттандырарлык деп белгиленсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Бакай-Ата айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Доулбековго жүктөлсүн.
Төрага | Н.Шадыбеков |