Загрузка документа…
ЛЕНИНПОЛЬ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 28-июну № 49
Бакай-Ата айыл аймагында таза суу скважинасын орнотуу жана суу трассасын тартуу жөнүндө
Ленинполь айылдык Кеңешинин 2017-жылдын 28-июнундагы кезексиз 7-сессиясы Бакай-Ата айыл аймагында таза суу скважинасын орнотуу жана суу трассасын тартуу долбоорун Талас облусун өнүктүрүү фондусуна долбоорду даярдоо карап чыгып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бакай-Ата айыл аймагында таза суу скважинасын орнотуу жана суу трассасын тартуу долбоору максаттуу жана керектүү деп табылсын.
2. Долбоорду ишке ашыруудагы тиешелүү 2 985 000 (эки миллион тогуз жүз сексен беш миң) сом суралсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Бакай-Ата айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Доулбековго жүктөлсүн.
Төрага | Н.Шадыбеков |