Загрузка документа…
ЛЕНИНПОЛЬ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 26-майы № 31
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу тууралуу
Мамлекеттик ыйгарым укуктарды өткөрүп берүү жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-мартындагы №145 токтомунун негизинде иш алып баруусу жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Салык кызматынын айрым ыйгарым укуктарын айыл өкмөтүнө өткөрүп берүү келишимин карап чыгып Ленинполь айылдык Кеңешинин 2017-жылдын 26-майындагы 6-кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бакай-Ата айыл өкмөтүнүн башчысы менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Салык кызматынын айрым ыйгарым укуктарын өткөрүп берүү боюнча түзүлгөн келишими бекитилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Бакай-Ата айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Доулбековго жүктөлсүн.
Төрага | Н.Шадыбеков |