Загрузка документа…
ЛЕНИНПОЛЬ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 26-майы № 33
Бакай-Ата айыл өкмөтүн Уставын жаңы редакцияда кабыл алуу жана мамлекеттик кайра каттоодон өткөрүү жөнүндө
Бакай-Ата айыл өкмөтүнүн уюштуруу документтерин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык келтирүү максатында жана 2011- жылдын 15-июлундагы Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 31 - беренесинин негизинде Ленинполь айылдык аймактык кенеши 2017-жылдын 26-майындагы 6-кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Талас облусунун Бакай-Ата районунун Ленинполь айылдык аймагынын «Бакай-Ата айыл өкмөтүнүн» Уставы кыргыз тилинде жаны редакцияда бекитилсин.
2. Бакай-Ата айыл өкмөтү тийиштүү мамлекеттик органдардан мамлекеттик кайра каттоодон өткөрүлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Бакай-Ата айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Доулбековго жүктөлсүн.
Төрага | Н.Шадыбеков |