Загрузка документа…
ЛЕНИНПОЛЬ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 26-майы № 40
Бакай-Ата айыл аймагында көчөлөргө жаңыдан киргизилип жаткан таза суу түтүктөрүн киргизүү жөнүндө
Ленинполь айылдык Кеңешинин 2017-жылдын 26-майындагы 6-кезексиз сессиясы Бакай-Ата айыл аймагында көчөлөргө жаңыдан киргизилип жаткан таза суу түтүктөрүн киргизүүнү карап чыгып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бакай-Ата айыл аймагындагы көчөлөргө жаңыдан киргизилип жаткан таза суу түтүктөрүн киргизүүнү ашар жолу менен ишке ашырылсын.
2. Жаңыдан таза суу түтүктөрү киргизилип жаткан көчөлөрдүн тургундарына үйлөрүнө таза суу бекер киргизилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Бакай-Ата айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Доулбековго жүктөлсүн.
Төрага | Н.Шадыбеков |