Загрузка документа…
ЛЕНИНПОЛЬ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 15-сентябры № 52
Бакай-Ата айыл өкмөтүнүн башчысынын 2017-жылдын 6 айлык отчетун угуу жөнүндө
Ленинполь айылдык Кеңешинин 2017-жылдын 15-сентябрындагы кезексиз сессиясы Бакай-Ата айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Доулбековдун 2017-жылдын 6 айлык отчетун карап чыгып
токтом кылат:
Бакай-Ата айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Доулбековдун 2017-жылдын 6 айлык отчету канааттандырарлык деп табылсын.
Айыл өкмөтүнүн кызматкерлерин 2017-жылдын 6 айынын жыйынтыгы менен 1 айлык өлчөмдө премия менен сыйлансын.
Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө бюджет комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Н.Шадыбеков |