ЛЕНИНПОЛЬ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 15-сентябры № 55
Жайыт жер аянтын которуу (трансформациялоо) жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 15-июль айындагы №145 “Жерлерди которуу (трансформациялоо) жөнүндөгү” мыйзамын, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 13-беренесинин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-мартындагы №169 сандуу токтомун жетекчиликке алып Ленинполь айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бакай-Ата айыл аймагынын “Победа” жогорку чыңалуудагы электр чордонун жанына имарат куруу үчүн жайыт жер аянтынан жалпысы 0,05га жер аянтын болуп берууго макулдук берилсин.
2. Болунгон жер аянты “Айыл чарба багытындагы жайыт жер категориясынан” “Өнөр жай жана транспорт категориясына” которуу жагы Бакай-Ата райондук администрациясынан суралсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Бакай-Ата айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Доулбековго жүктөлсүн.
Төрага | Н.Шадыбеков |