Загрузка документа…
ЛЕНИНПОЛЬ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 15-сентябры № 57
Бакай-Ата райондук мамлекеттик каттоо башкармалыгына жана архитектура бөлүмүнө акча каражаттарын чечип берүү жөнүндө
Ленинполь айылдык Кеңешинин 2017-жылдын 15-сентябрындагы кезексиз сессиясы Бакай-Ата райондук мамлекеттик каттоо башкармалыгына жана архитектура бөлүмүнө акча каражаттарын чечүүнү карап чыгып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бакай-Ата айылынын ички көчөлөрүнүн чектерин аныктоо үчүн Бакай-Ата райондук мамлекеттик каттоо башкармалыгына жана архитектура бөлүмүнө 20,0 миң сом бөлүнүп берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Бакай-Ата айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Доулбековго жүктөлсүн.
Төрага | Н.Шадыбеков |