Загрузка документа…
ЛЕНИНПОЛЬ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
XXVI- чакырылышынын 7 кезексиз сессиясы
2014-жылдын19-майы № 5
Бакай-Ата айыл өкмөтүнүн 2014-жылга жергиликтүү бюджетинин чыгаша булагы жөнүндө
Бакай-Ата айыл өкмөтүнүн 2013-жылдын жыйынтыгы менен түзүлгөн чыгашадан ашкан кирешени бөлүштүрүү максатында
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бакай-Ата айыл өкмөтүнүн 2014-жылга бюджетинин көлөмү чыгаша булагы 15932,7 миң сом суммасында бекитилсин.
Чыгаша бөлүгү 15932,7 миң сом өлч-мүндө төмөндөгү бөлүмдөр боюнча бекитилсин: (сом менен)
1. Башкаруу аппаратына – 2790,8 миң,
2. Билим берүү бөлүмүнө – 4533,6 миң,
3. Соц.коргоо бөлүмүнө – 439,0 миң,
4. ЖКХ бөлүмүнө – 6380,8миң,
5. Маданият бөлүмүнө – 119,5 миң,
6. Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө – 120,0миң,
7. Атайын каражат (бала бакчалар) – 1549,0миң,
8. 2014-жылдын бюджетине белгиленген каржылоо чыгымдары биринчи кезекте корголгон статьялар боюнча жумшалсын (эмгек акы, соц.фонд ж.б.).
9. Жыл ичинде жергиликтүү киреше булактары бюджеттен белгиленген суммадан ашык түшсө, ал суммага жараша бюджеттин чыгаша бөлүгүнө өзгөртүү киргизүү жагы айылдык аймактык кеңештин сессиясына сунушталсын.
Бюджетти аткаруу процессинде зарыл учурда кварталдан кварталга, разделден разделге, статьядан статьяга жылдыруулар айыл өкмөтүнүн финансы – экономикалык бөлүмүнүн сунушунун негизинде айылдык аймактык кеңештин токтомунун негизинде жүргүзүү жагы белгиленсин.
10. 2014-жылдын 1-январына айылдык бюджеттин эсебиндеги кассалык акча жүгүртүү каражатынын көлөмү 5,0 миң сом өлчөмүндө белгиленсин.
11. Бакай-Ата районунун мамлекеттик администрациясынын 2014-жылдын 10-январындагы № Б-1/V буйругунун ылайык, 2014-жылга белгиленген бюджеттин эсебинен 120 ,0 мин сом озгочо кырдаалдар учун кол тийбес резерв катары пландаштырылсын.
-Ошондой эле «Кыргыз Республикасынын бюджеттик укуктарынын негизги принциптери жонундо» мыйзамынын 21 статьясына ылайыктуу жергиликтүү бюджеттин чыгашасынын 1%тин айыл өкмөтүнүн ар кандай күтүүсүз социалдык экономикалык маданий чыгымдарына 159,3 мин сом суммасында резервдик фонд түзүлсүн жана айыл өкмөт башчысынын тескөөсүнө берилсин.
12. 2014-жылдын киреше чыгаша бөлүктөрүнМыйзамдуулукта аткаруу, максатсыз жумшоолорго жол бербөө, казынадан сырткары чыгымдоолорго тыюу салуу милдеттери айыл өкмөтүнүн финансы-экономикалык бөлүмүнө (башкы бухгалтер К.Сапаралиевге) тапшырылсын.
13. Бюджеттин киреше булактары болгон салык жана салык эмес төлөмдөрдү жыйноодо, кеткен жылдардан калган суммаларды (недоимкаларды) толук өндүрүүдө айыл өкмөтүнүн салык кызматкерлерине катуу талап коюлсун, о.э.алардын ишине ар тараптуу жарамдар көрсөтүлсүн.
14. Салык кодексинин 197-статьсынын негизинде унаа ээлеринен тийиштүү өлчөмдөгү салыктар алынсын.
15. Айыл чарба багытындагы эмес жерлердин салыгын чегерүүнүн коэфициенти К1=1,0 болуп белгиленсин.
16. Жергиликтүү бюджетти колдоо ирээтинде Республика тарабынан бөлүнгөн теңдештирүү гранттары коргоодогу статьялар (айлык акы, соц.фондко чегерүү ж.б.) жана комуналдык чыгымдарды жабууга гана жумшалсын.
17. Жергиликтүү бюджеттин 2015-2016-жылдарга болжолу төмөндөгүдөй суммада белгиленсин.
-2015-жылга, бюджеттин көлөмү (киреше, чыгашасы менен) – 15840,2 миң сом анын ичинен: жергиликтүү салыктардын чегерүүсү – 13955,0 сом; теңдөөчү грант – 1885,0 миң сом;
-2016-жылга, бюджеттин көлөмү (киреше, чыгашасы менен) – 16032,3 миң сом анын ичинен: жергиликтүү салыктардын чегерүүсү –14153,0миң сом; теңдөөчү грант –1879,3 миң сом;
-2017-жылга, бюджеттин көлөмү (киреше, чыгашасы менен) – 16631,6 миң сом анын ичинен: жергиликтүү салыктардын чегерүүсү –14360,0миң сом; теңдөөчү грант –2271,6 миң сом.
18. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ленинполь айылдык кеңешинин бюджеттик комиссиясына тапшырылсын
Төрага | Н.Ширдаков |