Загрузка документа…
ЛЕНИНПОЛЬ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
XXVI- чакырылышынын 7 кезексиз сессиясы
2014-жылдын18-декабры № 1
Ленинполь айылдык кеңешинин 2014-жылдын жергиликтүү бюджетинин чыгашадан ашкан кирешенин чыгаша бөлүгүндө ЖКХ бөлүмүндө каралган акча каражатын разделден разделге статьядан статьяга жылдыруу максатында
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы К.Сапаралиевдин жумуштун зарылчылыгына байланыштуу аталган маселе боюнча билдирүүсү эске алынсын.
2. 2014-жылдын ЖКХ бөлүмүндө каралган чыгашадан ашкан кирешенин “Мини-футбол” стадионуна каралган акча каражатынан 3111 статьясына 320,0 миң сом азайтылып, мектептер бөлүмүнө 2218 статьясына “Тамак аш чыгымына” 32,6 миң сом, септик курууга 3111 статьясына 80,0 миң сом 22154900 “башка чыгымдар статьясына” 38,0 миң сом толукталсын. Мамлекеттик башкаруу бөлүмүнө статья 2211 “жол чыгымдарына” 32,0 миң сом статья 2215 ар кандай чыгымдарына 137,4 миң сом толукталсын.
3. 2014-жылдын чыгашадан ашкан кирешеден ЖКХ бөлүмүнө каралган 659,9 миң сом акча каражатынан 3111 имарат жайлар статьясынан азайтылып, статья 2232 скважинанын электро энергиясына 210,0 миң сом, скважинага насос 203,2 миң сом статьясы 3111 имарат жайларына, ички суу түтүктөрүн оңдоого статьясы 2215 ар кандай чыгымдар 184,7 миң сом акча каражаты толукталсын. Бала бакча бөлүмүнө 22241200 жыгач отун статьясына 20,0 миң сом акча каражаты толукталсын.
4. 2014-жылдын июнь айында ПРООН тарабынан келип түшкөн 401864 сомду такталган планга киргизүү жөнүндө Бакай-Ата айыл өкмөтүнүн 28.08.2014-жылдагы №207-токтому бекитилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл кеңешинин бюджеттик комитетинин төрайымы С.Чотоновага жүктөлсүн.
Төрага | Н.Ширдаков |