Загрузка документа…
ЛЕНИНПОЛЬ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 16-ноябры № 4
"Чон- Алыш" балдар бакчасынын айланасын курчоо жана Чоң-Алыш БСРин тазалоо боюнча
Ленинполь айылдык Кеңешинин 2015-жылдын 16-ноябрындагы кезексиз сессиясында Бакай-Ата айыл аймагында үлүштүк дем берүүчү грантка даярдалган “Чоң-Алыш” балдар бакчасынын айланасын курчоо жана Чоң-Алыш БСРин тазалоо боюнча долбоорлордун өздүк салымын кароо боюнча сунушту карап чыгып Ленинполь айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бакай-Ата айыл аймагында үлүштүк дем берүүчү грантка даярдалган “Чоң-Алыш” балдар бакчасынын айланасын курчоо боюнча долбооруна 322 533 сом жана Чоң-Алыш БСРин тазалоо долбооруна 914 118 сомдук өздүк салымдар бекитилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет жана турак жай комитетине жүктөлсүн.
Төрага | Н.Ширдаков |