Загрузка документа…
ЛЕНИНПОЛЬ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 26-июну № 1
И.Жанчаров атындагы орто мектебинин №3-корпусунун эки бөлмөсүн 3-5 жашка чейинки балдарга кыска мөөнөттүк бала-бакчага берүүгө макулдук берүү жөнүндө
Ленинполь айылдык Кеңеши сессиясында жогоруда айтылган И.Жанчаров атындагы орто мектебинин №3-корпусунун эки бөлмөсүн 3-5жашка чейинки балдарга кыска мөөнөттүк бала-бакчага берүүгө макулдук берүү жөнүндө маселени карап чыгып талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ленинполь айыл аймагындагы И.Жанчаров атындагы орто мектебинин №3-корпусунун эки бөлмөсүн 3-5жашка чейинки балдарга кыска мөөнөттүк бала-бакчага берүүгө ата-энелердин макулдугун эске алуу менен берилсин.
2. Ленинполь айыл аймагындагы И.Жанчаров атындагы орто мектебинин №3-корпусунун эки бөлмөсүн 3-5жашка чейинки балдарга кыска мөөнөттүк бала-бакча ачуу үчүн долбоорду даярдоо жагы мектептин мугалимдери Ж.Акылбековага жана Г.Осмоналиевага тапшырылсын.
3. Мугалимдердин айлык акысы үчүн 4 айга ата-энелердин эсебинен төлөнсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү, жалпыга маалымдоо каражаттары, коомдук уюмдар жана жергиликтүү коомдоштуктар менен байланыш социалдык комитетине жүктөлсүн.
Төрага | Н.Ширдаков |