Загрузка документа…
КУМ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VI- чакырылышынан ХIII-сессиясы
2018-жылдын 25-январы № 13/3
Кум-Дөбө айыл аймагындагы айылдарда 2018-жылдын 1-январынан баштап, бюджеттик каражаттардын эсебинен айыл чарба жана башка багыттагы техникаларды сатып алууга тыюу салуу жөнүндө
Депутаттардын VI-чакырылышынан шайланган Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттары, № 3 Кеңсе шайлоо округунун депутаты И.Бейшеевдин маалыматын угуп жана талкуулап, депутаттардын Кум-Дөбө айылдык кеңеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кум-Дөбө айыл аймагындагы айылдарга бөлүнгөн бош каражаттарды айылдардагы айыл чарба багытына, социалдык структурага бөлүнүп жумшалсын.
2. Бош калган каражаттан бөлүнгөн каражаттарды айыл чарба техникаларды алууга тыюу салынсын. (комбайн, трактор, жатка ж.б.)
3. Токтомдо көрсөтүлгөн иштерди аткарууга айыл башчыларына милдеттендирилсин.
4. Токтомду көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы М.Асанбаевге тапшырылсын.
Төрага | А.Өмүров |