Загрузка документа…
КУМ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VI- чакырылышынан ХIII-сессиясынын
2018-жылдын 27-февралы № 14/1
Кум-Дөбө айыл аймагында муниципалдык кызмат көрсөтүүнүн Стратегиясын бекитүү жөнүндө
Депутаттардын VI - чакырылышынан шайланган Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттары, Муниципалдык кызматтарды көрсөтүү боюнча маалыматтын ачыктыгын жана жалпыга жеткиликтүүлүгүн арттыруу, Жарандарга жана юридикалык жактарга муниципалдык кызматтарды көрсөтүүнүн сапаттарын жакшыртуу максатында, Кум-Дөбө айыл аймагында муниципалдык кызмат көрсөтүүнүн Стратегиясы жөнүндө USAIDдин “Ийгиликтүү аймак” долбоорунун жумушчу тобунун төрагасы М.Асанбаевдин Кум-Дөбө айыл аймагында муниципалдык ишкана түзүү боюнча билдирүүсүн угуп жана талкуулап, депутаттардын Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кенеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кум-Дөбө айыл аймагындагы муниципалдык кызмат көрсөтүүнүн Стратегиясы бекитилсин.
2. Кум-Дөбө айыл аймагында муниципалдык ишкана ачуу (СПА, Таза суу жана таштандыларды төгүү) уюштуруу жана аткаруу жагы Кум-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысы М.Асанбаевге милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А.Өмүров |