Загрузка документа…
КУМ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VI- чакырылышынан ХIII-сессиясы
2018-жылдын 27-февралы № 14/2
ФПСтин жеринен “Сааба ажы” асыл тукум кой өстүрүү заводуна участок берүү жөнүндө
Депутаттардын VI - чакырылышынан шайланган Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттары, Шамшы айылынын айыл башчысы Н.Көчөровдун маалыматын угуп жана талкуулап, депутаттардын Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кум-Дөбө айыл өкмөтүнө караштуу Шамшы айылындагы “Сааба ажы” асыл тукум кой өстүрүү заводуна, ФПСтин Каманбай участогунан 20 га жер бөлүнүп берилсин.
2. “Сааба ажы” асыл тукум кой өстүрүү заводуна Каманбай участогунан берилген 20 га жерин тактап берүү, айыл өкмөтүнүн жер, турак жай жана муниципалдык менчик боюнча адиси Н.Осмоновго, айыл башчы Н.Көчөровго милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын айылдык кеңешинин туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А.Өмүров |