Загрузка документа…
КУМ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VI- чакырылышынан ХIII-сессиясынын
2018-жылдын 12-марты № 15/1
Кум-Дөбө айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Кум-Дөбө, Шамшы айылдарындагы “Муниципалдык ишканалардын Уставын” бекитүү жөнүндө
Депутаттардын VI - чакырылышынан шайланган Кум-Дөбө айыл аймагынынайылдык кеңешинин депутаттары, Кум-Дөбө айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы М.Асанбаевдин айыл аймагынын муниципалдык ишканалардын Уставын бекитүү жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап, депутаттардын Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кум-Дөбө айыл өкмөтүнө караштуу Шамшы, Кум-Дөбө айылдарында “Муниципалдык ишканалардын” Уставын жалпы элдик жыйындардын талкуулоосу менен чыккан токтомдордун негизинде кабыл алынып бекитилсин.
2. Ушул талкуулоо көрсөтүлгөн маалыматтардын, ошондой эле мамлекеттик кайра каттоо үчүн тапшырылган документтердеги маалыматтардын аныктыгы жана мыйзамда бекитилген учурларда, юридикалык жактан маалыматын кайра тактоо маселелери тиешелүү мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен макулдашылгандыгы ырасталсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдүк кылуу жагы айылдык кеңешинин туруктуу комиссиясынан тапшырылсын.
Төрага | А.Өмүров |