Загрузка документа…
КУМ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VI- чакырылышынан ХIII-сессиясы
2018-жылдын 6-июлу № 21/2
“III-Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарын” өткөрүүгө жана даярдоого карата каражат бөлүү жөнүндө
Депутаттардын VI- чакырылышынан шайланган Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттары, айыл өкмөтүнүн башчысы М.Асанбаевдин маалыматын угуп жана талкуулап, депутаттардын Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ысык-Көл районундагы “Кырчын” жайлоосундагы “III-Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарын” өткөрүүгө жана даярдоого катышып, боз үй, улуттук каада салт, кол өнөрчүлүк буюмдарды алып баруу үчүн бош каражаттын эсебинен 100 (жүз миң) сом бөлүнсүн.
2. Жогорудагы каражатты таап берүү жагы айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы, башкы эсепчи Б.Тажиевге милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу жагы айылдык кеңештин туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А.Өмүров |