Загрузка документа…
КУМ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VI- чакырылышынан ХIII-сессиясы
2018-жылдын 12-марты № 22/1
Кум-Дөбө айыл аймагындагы участкалык шайлоо комиссиясынын курамына-резервине талапкерлерди сунуштоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-главасынын 19-беренесинин жана Кочкор аймактык шайлоо комиссиясынын кайрылуусунун негизинде, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун органдарынын өкүлдөрүнүн, коомдук уюмдардын, жарандардын жашаган жана иштеген жеринен шайлоочулардын чогулуштарынын Кочкор айыл аймагындагы участкалык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине көрсөтүлгөн талапкерлер боюнча келип түшкөн протоколдорун карап чыгып жана талкуулап, депутаттардын Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кум-Дөбө айыл аймагындагы № 4146 Ак-Жар, № 4148 Кеңсе, № 4149 Шамшы участкалык шайлоо комиссияларынын курамына жана резервине талапкерлерди көрсөткөн жарандардын жашаган жана иштеген жеринен шайлоочулардын протоколдору бекитилсин.
2. Кочкор аймактык шайлоо комиссиясына участкалык шайлоо комиссияларынын курамына жана резервине тизмеге ылайык, талапкерлердин тиешелүү документтери Кочкор аймактык шайлоо комиссиясына сунушталсын. Тизме № 1 тиркемеде.
3. Сунушталган участкалык шайлоо комиссияларынын курамына жана резервине талапкерлерди бекитип берүү жагы Кочкор аймактык шайлоо комиссиясынан суралсын.
Төрага | А.Өмүров |