Загрузка документа…
КУМ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VI- чакырылышынан ХIII-сессиясы
2018-жылдын 04-сентябры № 22/2
“Муниципалдык менчик обьекттерин башкаруу тартиби боюнча Жобону бекитүү жөнүндө”
Депутаттардын V-чакырылышынан шайланган Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттары, айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Б.Тажиевдин “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын курамында турган менчик объектилерин башкаруу максатында, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына ылайык, иштелип чыккан “Муниципалдык менчик обьекттерин башкаруу тартиби жөнүндө” Жобо боюнча маалыматын угуп жана талкуулап, депутаттардын Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Муниципалдык менчик обьекттерин башкаруу тартиби жөнүндө Жобо бекитилсин.
2. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Кум-Дөбө айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.
Төрага | А.Өмүров |