Загрузка документа…
КАРА-БҮРГОН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VI чакырылышынын кезексиз III сессиясы
2017-жылдын 04-апрели № 7/2
7-апрель Элдик революциясынын 7 жылдыгын өткөрүү жонүндө
Кара-Суу айыл аймагында «7-апрель Элдик революциясынын күнү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык 7-апрель Элдик революциясынын 7 жылдыгына арналган маданий иш чараларды өткөрүү боюнча Кочкор райондук мамлекеттик администрациясынын 29-март 2017-жылдагы № 51° буйругун аткаруу үчүн Кара-Суу айыл аймагынын айыл өкмөтүнун башчысы А.Ж.Осмоновдун билдирүүсүн жана Кара-Суу айылдык Кеңешинин депутаты Б.Назаровдун сунушун угуп жана талкуулап Кара-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 7-апрель Элдик революциясынын 7 жылдыгына арналган маданий иш чараларды Кара-Суу айыл аймагында өткөрүү максатында Кара-Суу айыл өкмөтүнүн бюджеттик каражатынын ар кандай чыгым статьясынын эсебинен 11000 (он бир мин,) сом акча каражаты каралсын.
2. Акча каражатын эсептеп бөлүп берүү жагы Кара-Суу айыл аймагынын айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
Төрага | Т.Курткаев |