ТоктомКүчүндө

Кара-Суу айылдык кеңешинин 2017-жылдын 04-апрелиндеги № 7/1 «Нарын областынын Кочкор районунун Кара-Суу айыл аймагынын калктуу конуштарынын чек араларын белгилөө долбоорун бекитүү жонүндө» токтому

Редакция04.04.2017 редакциясы
Жүктөө .docx
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КАРА-БҮРГОН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

VI чакырылышынын кезексиз III сессиясы 

2017-жылдын 04-апрели № 7/1

Нарын областынын Кочкор районунун Кара-Суу айыл аймагынын калктуу конуштарынын чек араларын белгилөө долбоорун бекитүү жонүндө

Кара-Суу айылдык аймагынын 2016-жылынын аяк оона айынын 19-гы №114 буйругунун негизинде түзүлгөн жумушчу топ, «Кыргызмамжердолбоорлоо» мамлекеттик институтунун Республикалык топурак агрохимиялык станциясы даярдаган Кара-Суу айыл аймагынын калктуу конуштарынын чек араларын белгилөө долбоору боюнча материалдарын карал чыгып, Жер Кодексинин 18-беренесинин 4-пунктуна ылайык Кара-Суу айыл аймагынын айылдык Кенеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кочкор районун Кара-Суу айыл аймагынын калктуу конуштарынын чек араларынын белгилөө долбоору боюнча "Кыргызмамжердолбоорлоо" мамлекеттик институтунун Республикалык топурак агрохимияльж станциясы тарабынан даярдалган материаддары жактырылсын.

2. Кара-Суу айылдык аймагынын калктуу конуштарынын чек араларынын белгилоо долбоору боюнча "Кыргызмамжердолбоорлоо" мамлекеттик институтунун Республикалык топурак агрохимиялык станциясы тарабынан даярдалган материаддары Кара-Суу айыл аймагынын айыл өкмот башчысына бекитүүгө сунушталсын.

З. Токтомду көзөмөлдөо жагы Кара-Суу айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы А.Ж.Осмоновго милдеттендирилсин.

 

Төрага

Т.Курткаев