Загрузка документа…
КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 12-июлу № 8/2
2015-2016-жылдарга карата Кара-Суу айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн бюджетинин түзүлүшүн жана аткарылышын Кыргыз Республикасынын Эсептөө Палатасынын Ысык-Кол жана Нарын областары боюнча аймактык бөлүмүнүн текшерүүсүнүн жыйынтыгы жонүндө
Кыргыз Республикасынын Эсептөө Палатасынын Ысык-Көл жана Нарын областары боюнча аймактык бөлүмүнүн 2015-2016-жылдарга карата Кара-Суу айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн бюджетинин түзүлүшү жана аткарылышы боюнча текшерүүсү тууралу айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы башкы эсепчи К.Темиралиевдин билдирүүсүн утуп жана талкуулап Кара-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Эсептөө Палатасынын Ысык-Кол жана Нарын облустары боюнча аймактык бөмүнүн текшерүүсүнүн жыйынтыгында көрсөтүлгөн,ФПСтин жеринин аренда акысынан 201 5-2016-жылдардын арендаторлордон өндүрүлбөй жүргөн 88,6 миң сом, арендаторлордон өндүрүлүп айыл өкмөттүн бюджетинин киреше бөлүмүнө төгүлсүн.
2. Текшерүүнүн жыйынтыгында көрсөтүлгөн, айыл өкмөтүнүн жер жана мүлк боюнча башкы адиси М.Садыковго берилген 3,5миң сом под отчеттук сумма пайдалангандыгы, төгүлгөндүгү боюнча документтер тиркелип такталсын.
3. Текшерүүнүн жыйынтыгында көрсөтүлгөн. Ак-Талаа районунда өткөн Тайлак баатырдын 220 жылдыгын откөрүүго жумшалган 15.0 мин сом акча каражаты өндүрүлүп бюджеттин киреше бөлүмүнө төгүлсүн.
4. Текшерүүнүн жыйынтыгында көрсөтүлгөн, Кара-Суу айыл өкмөтүнүн администрациялык имаратынын капиталдык ремонтуна иш аткарууга ашык көрсотүлгөн 14,5 мин сом иш аткаруучу "Кочкор строй сервис"мекемесинен кайтарылып төгүлсүн.
5. Текшерүүнүн жыйынтыгында көрсөтүлгөн, Орток бала-бакчасынын капиталдык ремонтунда иш аткарууда ашык корсөтүлгөн 4,9 мин сом акча каражаты иш аткаруучу ОсОО "Кочкор строй сервис" мекемесинен кайтарылып төгүлсүн.
6. Бул токтомду козөмолдөө жагы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы башкы эсепчи К.Темираливге. аткаруу жагы айыл башчыларга, башкы адис М.Садыковго мийдетте*
Төрага | Т.Курткаев |