Загрузка документа…
ЧЕТ-НУРА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
XXVI чакырылышынын кезектеги VI сессиясы
2013-жылдын 07-августу № 6/1
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү оз алдынча башкаруу мыйзамдарынын негизинде Чет-Нура айыл аймагынын алыскы жайыттарда аңчылык кылган субъектилердин 2008-2013-жылдарга иш алып баруусуу жөнүндө
Чет-Нура айыл аймагынын айылдык Кенешинин төрагасы Т.Мамыровдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап.
Депутаттардын Чет-Нура айыл аймагынын айылдык Кенешинин VI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чет-Нура айыл аймагынын алыскы жайьптарындагы иш алып барган субъектилердин иши тиешелүү деңгээлде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын. Кыргыз Республикасынын Окмотүнүн токтомдорунун негизинде жүргүзүлбөй жаткандыгы белгиленсин жана тиешелүү органдарга билдирилсин.
2. Чет-Нура айыл аймагынын алыскы жайьптарындагы иш алып барган мергенчилик субъектилердин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 5-ноябрындагы № 606 токтомун тиешелүү деңгээлде аткарылбагындыгын эске алуу мснен Нарын облустук МУККгын коррупцияга каршы кызматынан Нарын облусундагы мергенчилик кылган субъектилерге түшө турган акча каражатын Нарын облусу боюнча териштирип берүү жагы суралсын.
3. Токтомдун аткарылышын Чет-Нура айыл өкмөтүнүн башчысы К.Кудайбергеновго. аткарылышын көзөмөлдөө айылдык Кенешинин жер боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага | Т.Мамыров |