Загрузка документа…
КАРА-КӨЛ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 09-октябры № 93/21-7
“Кара-Көл шаардык мэриянын шаардагы иштердин жалпы абалы, бюджеттин аткарылышы, муниципалдык менчиктин жана бюджеттен тышкаркы фонддордун каражаттарынын пайдаланышы,шаарды социалдык-экономикалык жактан коргоо программаларынын 2018-жылдын 6 айында аткарылышы жөнүндө шаардын мэри И.М. Еркеевдин отчету жөнүндө”
Кара-Көл шаардык мэриянын шаардагы иштердин жалпы абалы, бюджеттин аткарылышы, муниципалдык менчиктин жана бюджеттен тышкаркы фонддордун каражаттарынын пайдаланышы, шаарды социалдык-экономикалык жактан коргоо программаларынын 2018-жылдын 6 айында аткарылышы жөнүндө шаардын мэри И.М.Еркеевдин отчетун жана шаардык кеңешинин туруктуу комиссияларынын билдирүүлөрүн угуп жана талкуулап чыгып, Кара-Көл шаардык кеңешинин кезектеги XXI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Көл шаардык мэриянын шаардагы иштердин жалпы абалы, бюджеттин аткарылышы, муниципалдык менчиктин жана бюджеттен тышкаркы фонддордун каражаттарынын пайдаланышы, шаарды социалдык-экономикалык жактан коргоо программаларынын 2018-жылдын 6 айында аткарылышы жөнүндө отчету эске алынсын жана канаттандыраарлык деп табылсын.
2. Шаардагы мекеме- ишканалардын 2018-2019-жылга бекитилген пландарынын аткарылышы боюнча мэрия тарабынан көзөмөл күчөтүлсүн.
3. Кара-Көл шаарынын мэри И.М.Еркеевге:
- К.Б.Хуриев атындагы №5 орто мектебинин чатыры, “Келечек”, “Баластан” бала бакчаларынын чатырын алмаштыруу жана ички, сырткы суу түтүкчөлөрүн,
канализацияларын капиталдык оңдоп-түзөө жана электр чубалгыларын жаңылоо
иштерин ушул жылдын аягына чейин бүтүрүү ;
- шаар ичиндеги мыйзамсыз курулган, документтери жок курулуштарды алып салдыруу боюнча иш жүргүзүү;
- шаар ичиндеги бала бакчаларды кайра артка алуу иштерин күчөтүү;
- өз иш милдеттерин талаптагыдай аткарбаган жетекчилердин жоопкерчилигин кароо;
- шаар ичиндеги бүтпөй калган жолдорду бүтүрүү боюнча тиешелүү органдарга
кайрылып, жыйынтык чыгаруу;
- шаар ичиндеги бардык трансформаторлорду РЭТинин балансына өткөрүү милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу шаардык мэрияга (И.М.Еркеев), ал эмиконтролдоо шаардык кеңештин өндүрүш, курулуш, архитектура, турак жай, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана жер маселелери, инвестиция боюнча туруктуу комиссиясына (А.О.Тайчабаров ) жүктөлсүн.
Төрага | Б.Н.Кыргызалиев |