Загрузка документа…
КАРА-КӨЛ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 09-октябры № 94/21-7
“Кара-Көл шаардык бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн 2018-жылдын 6 айынын жыйынтыгы менен аткарылышы боюнча шаардын мэри И.М.Еркеевдин маалыматы жөнүндө”
Кара-Көл шаардык бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн 2018-жылдын 6 айынын жыйынтыгы менен аткарылышы боюнча шаардын мэри И.М.Еркеевдин маалыматын, Кара-Көл шаардык кеңешинин бюджет, экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы А.К.Чаргыновдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап чыгып, Кара-Көл шаардык кеңешинин кезектеги XXI сессиясы төмөндөгүлөрдү белгилейт.
Кара-Көл шаардык кеңешинин 28.04.2018-ж. № 87/16-7 сандуу токтому менен шаардык бюджеттин киреше бөлүгү 73 085,4 миң сом өлчөмүндө, ал эми атайын каражатсыз( атайын каражат 8000,0 миң сом) 65 085,4 миң сомго бекитилген. Кара-Көл шаардык бюджеттин киреше бөлүгү 2018-жылдын 6 айынын жыйынтыгы менен бекитилген план активдер жана милдеттенмелерди, атайын каражатты кошуп эсептегенде 102,6% га же 871,1миң сомго ашык (план: 33 797,9миң сом; факт: 34 669,1миң сом), ал эми актив , милдеттенмелерсиз, атайын каражатты кошпогондо 102,9%га, же 863,5миң сомго (план: 29 756,2миң сом; факт: 30 619,7миң сом) ашык аткарылып, салыктардын жана жыйымдардын 4 түрүнөн жалпы 313,3 миң сомго план аткарылган эмес. Алардын ичинен шаардык салык кызматына тиешелүү салыктын 2(эки) түрүнөн (сатуудан алынуучу салык)-129,1миң сом, роялти (акы төлөм)-20,7миң сом, шаардык муниципалдык менчик башкармалыгына тиешелүү жыйымдардын 2 (эки) түрүнөн, анын ичинде ( жер ижарасы үчүн акы төлөө – 137,7миң сом, муниципалдык менчиктеги имарат жайлардын ижарасы үчүн акы төлөө -25,3 миң сом).
Жыл ичинде салыктардын жана жыйымдардын, айрыкча салык агенти төлөөчү киреше салыгы, сатуудан алынуучу салыктын салыктык базаларын анализдөөнүн негизинде салыктык базанын төмөндөп кеткендигине байланыштуу шаардык бюджетти балансташтыруу максатында бекитилген планга салыштырмалуу такталган план 971,7миң сомго азайтылып, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарабынан жеткирилген 2018-жылдын 6 айында такталган план активдер жана милдеттенмелерди, атайын каражатты кошуп эсептегенде 105,6% га же 1 842,9миң сомго ашык, ал эми активдер жана милдеттенмелерсиз, атайын каражатты кошпогондо 106,0 % га же 1 728,2 миң сомго ашык аткарылган.
Ошол эле мезгилде салыктардын жана жыйымдардын түрүнөн жалпы 348,6 миң сомго план аткарылган эмес, алардын ичинен:
1.Сатуудан алынуучу салык – 129,1миң сом;
2.Роялти (акы төлөм) – 20,7миң сом;
3.Жер ижарасы үчүн акы төлөө – 137,7миң сом;
4.Муниципалдык менчиктеги имарат жайлардын ижара акысы үчүн акы төлөө- 61,1миң сом жана алардын шаардык салык кызматынын башкармалыгына тиешелүү салыктардын 2 түрүнөн (сатуудан алынуучу салык – 129,1миң сом, роялти – 20,7миң сом) – баары 149,8миң сомго план толгон эмес жана алардын берген маалыматында шаардагы эң ири ишканалардын аткарган иш көлөмдөрүнүн төмөндөп кеткендигинен салыктык базалардын аздыгына байланыштуу.
Планда каралбаган кирешелер боюнча жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияны кармоо үчүн акы “Шамшыкал-Ата компани” ЖЧКсы 309,5миң сом төлөгөн. Контролдук көзөмөл иш чараларын жүргүзүүдөн түшүүлөр- 53,2миң сом, мамлекеттин пайдасына айланган кирешелерден- 62,5миң сомдук акча каражаты түшүп, жалпы планда каралбаган 425,2миң сом кошумча каражат топтолгон. Атайын каражат боюнча план 98,8%, же 43,3 миң сомго аз аткарылган.
Кара-Көл шаардык кеңешинин 28.04.2018-ж. № 87/16-7 сандуу токтомундагы бекитилген бюджетке ылайык 2018-жылдын 6 айынын бюджетинин чыгаша бөлүгүнүн бекитилген планы 33 797,9миң сомду түзсө, атайын каражатсыз 29 906,2миң сом, жыл ичинде кошумча каражаттар 2017-жылдын жыйынтыгы менен бош калган, үнөм каражаттардын эсебинен сметада болгон өзгөртүүлөр менен такталган план 41 257,5миң сом, атайын каражатсыз 34 916,7миң сомду түзгөн. Каржылоо 26 157,3 миң сомду түзүп, планга салыштырмалуу 74,9% га аткарылып корголгон беренелер, коммуналдык чыгымдар боюнча каржыланган.
Атайын каражат боюнча бекитилген план: 3 891,7миң сом, такталган план 6 340,8миң сом болсо, фактылык киреше 3 666,4миң сомду түзүп, фактылык чыгым 1 777,5миң сом, же 48,5% каржыланып, шаардын социалдык-экономикалык маселелерин чечүүгө багытталган.
Атайын каражатсыз каржылоо 26 157,3миң сомдук чыгымдарын 17 030,9миң сому, же 65,1%зы корголгон беренелерди (айлык акы, соц.фондго чегерүүгө 15 231,2миң сом, тамак-ашка 1 316,5миң сом, жеңилдиктерге 483,2миң сом), ал эми 5 582,5миң сому же 21,3%зы коммуналдык чыгымдарга, 3 543,9миң сому, же 13,6%зы токтомдогу каралган башка чыгымдарды жабууга багытталган.
Атайын каражатсыз такталган пландагы жалпы 34 916,7миң сомдук чыгымдардын 18 698,7 миң сому, 53,6%зы корголгон беренелерди, (айлык акы, соцфондго чегерүүгө 16 603,2миң сом, тамак-ашка 1 395,5миң, жеңилдиктерге 700,0миң сом), 5760.5миң сому, же 16,5%зы коммуналдык чыгымдарга, ал эми 10 457,5миң сому, же 29,9%зы токтомдогу каралган башка чыгымдарды жабууга багытталган.
Жалпы шаардык бюджеттин чыгаша бөлүгүнүн атайын каражатсыз жалпы 34 916,7миң сомдук такталган планынын (2017-жылдан үнөмдөлгөн каражаттарды кошуп эсептегенде) 17 112,8миң сому, же 49,0%зы ШММБгы түзөт. Анын ичинде 4 460,0миң сому, 26,1%зы корголгон беренелер, коммуналдык чыгымдарга 5 481,4миң сом, же 32,0%, 7 171,4миң сом, же 41,9%зы ШММБнын стратегиялык өнүгүү планында, же “Өнүгүү бюджетте” каралган обьектилерине, сатып алуулар, байланыш, автоунаа, ижара ж.б. чыгымдарга багытталган.
Шаардык кеңештин 28.04.2018-ж. №86/16-7 сандуу токтомундагы 2017-жылдын жыйынтыгы менен шаардык бюджетте пайда болгон үнөм каражаттар 5 800,2миң сомго бекитилип, 4 759,8миң сомдук каражат, же 82,1% бюджеттик мекемелердин 01.01.2018-ж. пайда болгон кредитордук карыздардын 1 928,6миң сому каржыланып, ал эми мэриянын “Өнүгүү бюджетине каралган 1040,0миң сомдук каржылоо иш жүзүнө ашырыла элек.
Шаардык кеңештин 28.04.2018-ж. №86/16-7 сандуу токтому менен шаардык мэриянын муниципалдык менчик обьектилериндеги бюджеттен каржылануучу бюджеттик мекемелердин электрэнергия, жылуулук, суу жана байланыш боюнча коммуналдык чыгымдарына 2018-жылга 12 069,2миң сом, 6 айга 5760,5миң сом лимит. Лимиттин негизинде 5 576,2миң сом каржыланган, анын ичинен сууга 665,4миң сом, электрэнергияга 752,1миң Квт/саат же 1 931,0миң сом, жылуулукка 1 262,0Гкал же 2 821,6миң сом, байланышка 158,2миң сом каржыланып, 01.07.2018-ж. сууга 332,8миң сом, жылуулук боюнча Кетмен-Төбө жылуулук ишканасына 800,0миң сомдук кредитордук карыз шаардык бюджеттин тартыштыгынан пайда болгон.
Жогорудагы белгиленгендердин негизинде Кара-Көл шаардык кеңешинин кезектеги XXI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Көл шаардык бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн 2018-жылдын 6 айынын жыйынтыгы менен аткарылышы боюнча шаардын мэри И.М.Еркеевдин маалыматы, Кара-Көл шаардык кеңешинин бюджет, экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы А.К.Чаргыновдун билдирүүсү эске алынсын.
2. Кара-Көл шаарынын мэриясы (И.М. Еркеев), мамлекеттик салык кызматынын Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаары боюнча башкармалыгы (Т.Т.Муратов), Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Кара-Көл башкармалыгы (Ж.Т.Осмонкулов) шаардык бюджетте бекитилген планга чыкпай калган суммаларды аткаруу боюнча чараларды көрүп, мыйзам чегинде иш алып барсын.
3. Мамлекеттик салык кызматынын Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаары боюнча башкармалыгына ( Т.Т. Муратов) сатуудан алынуучу салыктын түрүнөн башка салыктардын планын ашыгы менен аткаруу, жергиликтүү салык түрлөрү боюнча өндүрүлбөй калган каражаттарды өндүрүү боюнча конкреттүү иштерди аткаруу милдеттендирилсин.
4. Муниципалдык менчик башкармалыгына ( Э.Э.Бабаканов) муниципалдык менчик башкармалыгына тиешелүү салыктардын, жыйымдардын 2018-жылга бекитилген план- милдеттенмелерди толук кандуу аткаруу, өндүрүлбөй калган (“недоимка”) каражаттарды өндүрүү боюнча кечиктирилгис чара көрүү жагы милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу шаардык мэрияга ( И.М. Еркеев), мамлекеттик салык кызматынын Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаары боюнча башкармалыгына ( Т.Т. Муратов), Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Кара-Көл башкармалыгына (Ж.Т.Осмонкулов) ал эми көзөмөлдөө шаардык кеңештин бюджет, экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына ( А.К.Чаргынов) жүктөлсүн.
Төрага | Б.Н.Кыргызалиев |