Загрузка документа…
КАРА-КӨЛ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 09-октябры № 95/21-7
“Кара-Көл шаардык ички иштер бөлүмүнүн коомдук тартипти сактоо, тартип бузуучулукту, кылмыштуулукту болтурбоо боюнча балдар жана жаштар арасында көрүлүп жаткан иш-чаралар жөнүндө маалыматы”
Кара-Көл шаардык ички иштер бөлүмүнүн башчысы милициянын подполковниги Н.М.Иманбековдун шаардык ички иштер бөлүмүнүн коомдук тартипти сактоо, тартип бузуучулукту, кылмыштуулукту болтурбоо боюнча балдар жана жаштар арасында көрүлүп жаткан иш-чаралар жөнүндө маалыматын, шаардык кеңештин мандат, этика, укуктук маселелери жана коомдук уюмдар, партиялар менен иштөө, идеология, дин иштери боюнча туруктуу комиссиясынын маалыматын угуп жана талкуулап чыгып, Кара-Көл шаардык кеңешинин кезектеги ХXI сессиясы төмөндөгүлөрдү белгилейт.
Кара-Көл ШИИБнүн ЖЖӨИнин тескөөчүлөрү Кыргыз Республикасынын ИИМнин 22.07.2013-ж. №601 буйругунун көрсөтмөлөрүнүн, ОИИБнын, ШИИБнүн буйруктарынын жана тапшырмаларынын негизинде жашы жете элек өспүрүмдөр арасында кылмыштуулуктун алдын алуу, болтурбоо максатында штат боюнча 2 кызматкер профилактикалык иштерди жүргүзөт.
2017-2018-жылдын ичинде 153 лекция окулган, алдын алуу чараларын жакшыртуу боюнча 200 материал жиберилген. 2018-жылдын ичинде “Кышкы мектеп каникулу”, “Подросток”, “Лидер”, “Кароосуз бала”, “Беспризорник”, “Бродяга”, Антирэкет”, “Подросток-Труд” аттуу 8 рейд өткөрүлгөн. Жыйынтыгында жалпысынан ЖЖӨИнин бөлмөсүнө 60 өспүрүм алынып келген.
Жогорудагы көрсөтүлгөндөрдүн негизинде Кара-Көл шаардык кеңешинин кезектеги XXI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Көл шаардык ички иштер бөлүмүнүн башчысы милициянын подполковниги Н.М.Иманбековдун шаардык ички иштер бөлүмүнүн коомдук тартипти сактоо, тартип бузуучулукту, кылмыштуулукту болтурбоо боюнча балдар жана жаштар арасында көрүлүп жаткан иш-чаралар жөнүндө маалыматы эске алынсын.
2. Кара-Көл шаардык ички иштер бөлүмүнө, шаардык билим берүү бөлүмү, шаардык аксакалдар соту жана кеңеши, шаардык аялдар кеңеши, шаардын социалдык маселелер боюнча вице-мэри Г.Ө.Сатарова жана шаардын имамы менен биргеликте иш-мерчемдерди түзүп, ар бир мектептерде класстык саттарды жана башка кылмыштуулуктун алдын алуу иш-чараларын өткөрүү сунушталсын.
3. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу шаардын вице-мэрине (Г.Ө.Сатарова), шаардык ички иштер бөлүмүнө (Н.М.Иманбеков), аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин мандат, регламент, этика, укуктук маселелери жана коомдук уюмдар, партиялар менен иштөө, идеология, дин иштери боюнча туруктуу комиссиясына (У.С.Эшенкулов) жүктөлсүн.
Төрага | Б.Н.Кыргызалиев |