Загрузка документа…
КАРА-КӨЛ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 09-октябры № 96/21-7
“Кара-Көл шаардык аялдар кеңешинин 2017-жылдын 6 айында, 2018-жылдын 6-айында аткарган иштери жөнүндө”
Кара-Көл шаардык аялдар кеңешинин төрайымы Б.К.Маматаеванын “Кара-Көл шаардык аялдар кеңешинин 2017-жылдын 6 айында жана 2018-жылдын 6-айында айларында аткарган иштери жөнүндө отчетун, Кара-Көл шаардык кеңештин мандат, этика, укуктук маселелери жана коомдук уюмдар, партиялар менен иштөө, идеология, дин иштери боюнча туруктуу комиссиясынын маалыматын угуп жана талкуулап чыгып, депутаттардын Кара-Көл шаардык кеңешинин кезектеги ХXI сессиясы төмөндөгүлөрдү белгилейт.
Шаардык аялдар кеңеши 2017-жылга жана 2018-жылга бекитилген иш-мерчемдердин пландарына ылайык, адептүүлүк жана зордук-зомбулуктун алдын алуу багыты боюнча мектеп окуучуларынын жогорку класстары үчүн шаардык билим берүү бөлүмү менен биргеликте кеңейтилген жыйын өткөрүшкөн. Кеңешменин катышуучуларына аялдар кеңеши тарабынан чыгарылган “Адептүүлүк-адамдын көркү” жана “Кыз ала качуу боюнча” аттуу китепчелер таркатылган.
Аялдар кеңешине 2018-жылы ар кандай көйгөйлөр боюнча арыздар түшкөн. Анын ичинде материалдык жардам, үй-бүлөлүк зордук-зомбулук, каржы маселелери боюнча 3 арыз каралган.
Жогорудагы көрсөтүлгөндөрдүн негизинде Кара-Көл шаардык кеңешинин кезектеги XXI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Кара-Көл шаардык аялдар кеңешинин төрайымы Б.К.Маматаеванын “Кара-Көл шаардык аялдар кеңешинин 2017-жылдын 6 айында жана 2018-жылдын 6-айында айларында аткарган иштери жөнүндө” отчету эске алынсын.
2. Аялдар кеңеши коомдук уюм болгондуктан ар кандай иш-чараларды өткөрүүдө бюджеттик каражаттардын бөлүнүшүнө көз каранды болбостон ар кандай тараптардан демөөрчүлүк жардамдарды алууга, чет элдик уюмдар менен тыгыз иштеп каражат тартуу боюнча долбоорлорду жазууга иш-аракеттерди жүргүзсүн.
3. “Кара-Көл шаардык аялдар кеңеши жөнүндө” жобону иштеп чыгып, өзгөртүү киргизүү шаардык аялдар кеңешине жана шаардык кеңешинин мандат, регламент, этика, укуктук маселелери жана коомдук уюмдар, партиялар менен иштөө, идеология, дин иштери боюнча туруктуу комиссиясына (У.С.Эшенкулов) жүктөлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу шаардын вице-мэрине (Г.О.Сатарова), шаардык аялдар кеңешинин төрайымына (Б.К.Маматаева), аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин мандат, регламент, этика, укуктук маселелери жана коомдук уюмдар, партиялар менен иштөө, идеология, дин иштери боюнча туруктуу комиссиясына (У.С.Эшенкулов) жүктөлсүн.
Төрага | Б.Н.Кыргызалиев |