Загрузка документа…
КАРА-КӨЛ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 09-октябры № 97/21-7
Кара-Көл шаары “Кара-Көл токойчулугунун 2017-жылда аткарган иштери жөнүндө маалыматы ”
Кара-Көл токойчулугунун 2017-жылда аткарган иштери жөнүндө Кара-Көл токойчулугунун башчысы М.К.Доронкуловдун маалыматын, шаардык кеңештин өндүрүш, курулуш, архитектура, турак жай, коммуналдык чарба, муниципиалдык менчик, жер маселелери, инвестиция боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы А.О.Тайчабаровдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап чыгып, депутаттардын Кара-Көл шаардык кеңешинин кезектеги XХI сессиясы төмөндөгүлөрдү белгилейт.
Кара-Көл токойчулугу Токтогул райондук мамлекеттик администрациясынын 2006-жылдын 28-январындагы №2 токтомунун негизинде Токтогул райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча башкармасында 2007-жылдын 29-майында №283 бирдиктүү мамлекеттик реестринде катталган.
Токойчулуктун жалпы аянты 35211,4 гектарды түзүп, анын ичинде токой каптаган жер 12110 гектар, жайыттар жалпы 14130 гектар болсо, мындан пайдаланууга боло турган болжолу менен 7750 гектарды түзөт жана башка ар кандай жерлер (аска¸зоолор, суулар) 8970 гектар жерди ээлейт. Токойчулуктун карамагындагы жерлер 6 токой корукка бөлүнөт.
Токойчулук 2017-жыл ичинде токойлорго көчөттөрдү отургузуу, тигилген көчөттөрдү багуу, токойго тигилген көчөттөрдү толуктоо, питомниктерде көчөт өстүрүү иштерин жүргүзгөн. Токойлорду тазалоо, арыктарды оңдоо иштерин аткарган.Өрткө каршы иш-чараларды , токой сактоо иштерин, биотехникалык иш- чараларды жүргүзгөн.
Токой фондунун жерлеринин пайдалануу жана андан киреше түшүрүү боюнча да токойчулукта иш жүргөн. 2018-жылы жалпы жайыт жер 14130 га болсо, анын ичинен 7460 га жайыт жерлер пайдаланылып, жайыт акыдан 195235 сом киреше түшүрүлгөн. 2017-жылга пландаштырылган 220100 сомдон 195235 сомго 88,70% аткарылган. Айдоо жер 1,45 га. Ал 4 адамга ижарага берилген. Андан 1,7 миң сом ижара акы түшкөн, чөп оруу боюнча 13 адамга 12,25 га жер ижарага берилген, андан 7,9 миң сом түшүрүү пландаштырылган, 12,37 га токойлуу жерлер 29 адамга берилген, план 28,4 миң сом болгон. Ижара акылары толук аткарылган.
Жогорудагы көрсөтүлгөндөрдүн негизинде Кара-Көл шаардык кеңешинин кезектеги XXI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Көл токойчулугунун 2017-жылда аткарган иштери жөнүндө Кара-Көл токойчулугунун башчысы М.К.Доронкуловдун маалыматы эске алынсын.
Төрага | Б.Н.Кыргызалиев |