Загрузка документа…
КАРА-КӨЛ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 10-октябры № 98/21-7
“Кара-Көл шаардык билим берүү бөлүмүнүн 2017-2018-окуу жылдарында аткарган иштери жөнүндө маалыматы”
Кара-Көл шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы А.Б.Мырзалиеванын 2017-2018-окуу жылдарында аткарган иштери жөнүндө маалыматын жана шаардык кеңештин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Ж.С.Джуробаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап чыгып, депутаттардын Кара-Көл шаардык кеңешинин кезектеги XXI сессиясы төмөндөгүлөрдү белгилейт.
Шаардык билим берүү бөлүмүндө бүгүнкү күндө 1 мектеп-гимназиясы, 1 иновациялык, 4 орто мектеп, 2 башталгыч мектеби бар. 2017-2018-окуу жылында 4934 окуучу билим алган. Мектепке чейинки 3 мекеме бар “Келечек” балдар бакчасында 216, “Байчечекей” бала бакчасында 93, “Баластан” балдар бакчасында 316 жалпы 625 бала тарбияланууда. Балдар чыгармачылык үйүндө 15 ийриминде 437, балдар өспүрүмдөр спорт мектебинде 27 спорттук секцияда 408 мектеп окуучулары тарбияланууда. 2016-жылдан баштап шаардык билим берүү бөлүмүнүн алдындагы окуу усулдук кабинети өз ишин баштаган, жалпы 3 методист иштейт.
Шаардык билим берүү бөлүмүнүн карамагындагы 14 билим берүү мекемелеринде, бүгүнкү күндө 377 мугалим эмгектенүүдө. Анын ичинен жогорку билимдүүсү -295, бүтпөгөн жогорку -44, атайын орто-19, орто билимдүүсү-6. Билим берүүнүн отличниги төш белгисинин ээси 59 мугалим бар.
Жетишпеген педагогикалык кадрлардын саны -9. Окутуу орус тилинде жүргүзүлгөн мектептерде музыка мугалими-1, математика мугалими-1, физика-1, дене-тарбия-1. Кыргыз тилинде жүргүзүлгөн мектептерде музыка-1, эмгек-1, геогрфия-1, информатика-1, математика-1.
Окуучулар арасында өтүүчү 2017-2018-жылдагы республикалык жана областтык олимпиядага мектеп окуучулары катышып областтык олимпиядада 10 окуучу, республикалык олимпиядада 2 окуучу татыктуу орундарга жетишип келишкен.
Кара-Көл шаардык БББнүн жүргүзгөн усулдук иш-чаралары. Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан чыгарылган буйруктардын негизинде иш алып барат. “Кыргызымдын сыймыгы, адамзаттын Чыңгызы”, “Адамга эң кыйын- күн сайын адам болуу”, “Дүйнө Айтматовду окуйт”, “Ч.Айтматов- адабият чолпон жылдызы”, “Чыңгыз Айтматовдун чыгармалары биз менен”- деген темаларда класстык жана ачык сааттар өткөрүлгөн.
Шаардык билим берүү бөлүмүнөн квалификациясын жогорулатуу курсуна 17 мугалим жана 4 тарбиячы барып окуп келген. Мугалимдер арасында жыл сайын өткөрүлүүчү “Жылдын мыкты мугалими” сынагы уюштурулуп 5 мугалим катышып, жыйынтыгында өзүнүн педагогдук чеберчилигинин, изденүүчүлүгүнүн, табигый шык-жөндөмүн көрсөтүп Токтогул атындагы №1 мектеп-гимназиясынын англис-тилчи жаш мугалими Күйпиева М.Р. жеңүүчү болуп табылган.
Шаардык БББнүн жалпы билим берүү мекемелеринде КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 14-августундагы №479 сандуу “2018-2028-жылдарга үй-бүлөнү колдоо жана балдарды коргоо жөнүндө” токтомун ишке ашыруу максатында ата-энелер арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, окуучулар арасында тарбиялык сабактар өткөрүлгөн. “Балдарга карата ырайымсыз мамилелердин жана зомбулукту алдын алуу боюнча” дагы мектептерде класстык сааттар, ата-энелердин чогулуштары, баланы тарбиялоого, окутууга жана багууга ата-энелердин жоопкерчилиги жөнүндө маселелер боюнча билим сабактары өткөрүлгөн.
Жогорудагы белгиленгендердин негизинде шаардык кеңештин кезектеги XXI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Кара-Көл шаардык билим берүү бөлүмүнүн 2017-2018-окуу жылдарында аткарган иштери жөнүндө шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы А.Б.Мырзалиеванын маалыматы жана шаардык кеңештин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Ж.С.Джуробаевдин билдирүүсү эске алынсын.
Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 162-статьясына ылайык (эмгек акыны төлөөнүн тартиби жана орду) Кара-Көл шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы А.Б.Мырзалиева жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Кара-Көл башкармалыгынын начальниги Ж.Т.Осмонкулов эмгек акы төлөөдө ар бир мугалимге жана кызматкерге тийиштүү мезгил үчүн берилүүчү эмгек акынын курамдык бөлүктөрү, андан кармап калуулардын өлчөмдөрү жана негиздери, алууга берилүүчү акчалай сумма жөнүндө эсептешүү барагын (расчетка) берүүнү 2018-жылдын декабрь айына чейин камсыз кылсын.
Шаардык билим берүү бөлүмүнө караштуу “Келечек”, “Баластан”, “Байчечекей” бала бакчаларынын атайын каражаттары боюнча жылдын жыйынтыгы менен планга чыгуусу милдеттендирилсин.
Шаардык билим берүү бөлүмүнө :
окуучулардын билим сапатын жогорулатууда иштерди күчөтүү;
шаардын мектептеринде жетишпеген кадрларды камсыз кылуу жаатында ишти жандандырып, зарыл болгон учурда чакырылган кадрларды үй менен камсыз кылуу маселесин шаардык мэрия менен биргеликте чечүү;
окуучулардын мектептен кийинки убактыларын туура пайдалануу боюнча ата-энелердин жоопкерчилигин күчөтүү ;
бала бакчаларда атайын каражаттар боюнча планды толтуруу жана ашыруу;
билим берүү мектептериндеги социалдык педагогдордун билим деңгээлин жогорулатуу боюнча иш чараларды жүргүзүү сунушталсын.
Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу шаардык мэрияга (Г.О.Сатарова), ШБББнө (А.Б.Мырзалиева), көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына (Ж.С.Джуробаев) жүктөлсүн.
Төрага | Б.Н.Кыргызалиев |