Загрузка документа…
КАРА-КӨЛ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 10-октябры № 99/21-7
“Балдар өспүрүмдөр спорт мектебинин 2017-жылда аткарган иштери жөнүндө маалыматы “
Балдар өспүрүмдөр спорт мектебинин 2017-жылда аткарган иштери жөнүндө маалыматын жана шаардык кеңештин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап чыгып, депутаттардын Кара-Көл шаардык кеңешинин кезектеги XXI сессиясы төмөндөгүлөрдү белгилейт.
Балдар өспүрүмдөр спорт мектеби шаардык билим берүү бөлүмүнүн карамагындагы мекеме. Балдар өспүрүмдөр спорт мектебинде 13 штаттык бирдик, анын ичинен 9 машыктыруучу, директор, завуч, иш кагаздарын алып баруучу, медкызматкер бар. 27 секцияда 408 окуучу тарбияланат. Спорт мектебине балдар 6 жаштан 18 жашка чейин өз ыктыяры менен, спортко жөндөмү бар балдар кабыл алынат. Спорттун баскетбол, волейбол, футбол, тогуз коргоол, эркин күрөш, ордо түрлөрү боюнча окуучулар машыктырылат.
Областтык спартакиадага БӨСМнин балдары катышып, балдар арасында өткөн волейбол боюнча 1-орун, бокс 1-орун, тогуз коргоол 3-орун, баскетбол 3-орун, футболдон 3-орунду ээлешкен. Республикалык спартакиададан волейбол 1-орун, баскетболдон 5-орунга жетишкен. Ордо, футбол, эркин күрөш боюнча дагы балдар арасында жетишкендиктер бар.
Жогорудагы белгиленгендердин негизинде шаардык кеңештин кезектеги XXI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Балдар өспүрүмдөр спорт мектебинин 2017-жылда аткарган иштери жөнүндө БӨСМнин директору С.Дуйшебаеванын маалыматы жана шаардык кеңештин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын билдирүүсү эске алынсын.
2. Шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы А.Б.Мырзалиева жоголгон спорт жабдыктарды тактоо боюнча прокуратура органына кайрылсын.
3. БӨСМнин директоруна (Дуйшебаева С.Э.) коллективдин арасындагы ынтымакты чыңдап, коллектив менен биргеликте иш алып баруу милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу шаардык мэрияга (Г.О.Сатарова), ШБББнө (А.Б.Мырзалиева), балдар өспүрүмдөр спорт мектебинин директоруна (С.Э.Дуйшебаева), көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына (Ж.С.Джуробаев) жүктөлсүн.
Төрага | Б.Н.Кыргызалиев |