Загрузка документа…
КАРА-КӨЛ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 10-октябры № 100/21-7
“Кара-Көл шаардык оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун 2016-2017-жж. Аткарган иштери жөнүндө маалыматы”
Кара-Көл шаардык оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун 2016-2017-жж. аткарган иштери жөнүндө мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун санитардык врачы Ж.А.Көчкөнбаеванын маалыматын жана шаардык кеңештин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиянынсынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап чыгып, депутаттардын Кара-Көл шаардык кеңешинин кезектеги XXI сессиясы төмөндөгүлөрдү белгилейт.
Кара-Көл шаардык оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун учурда аткарып жаткан иш аракеттери шаардын калкын санитардык-эпидемиологиялык бейкамдыгын камсыз кылуу үчүн алдын ала профилактикалык иштерди жүргүзүү. Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты Сактоо министрлигинин, Өкмөттүн токтомдорун, буйруктарын аткаруу менен айлык, кварталдык жана жылдык пландардын негизинде иш алып барат.
Кара-Көл шаарында 2016-жылда катталган жугуштуу паразитардык оорулар, ОРВИ жана грипп 3583 учур, 2017-жылы 3641 2016-жылга салыштырмалуу 58ге көп катталган. Кургак учук оорусу боюнча 2016-жылы 11, 2017-жылы 16 учур катталган. Ичеги карын оорулары 2016-жылы 84, 2017-жылы 143 адам катталган салыштырмалуу 2016-жылга караганда 59 адамга көп катталган. Сарык оорусунун “А” 2 түрү менен 2017-жылы 77адам катталган, 2016-жылга салыштырганда 18 адамга аз катталган. Сифилис оорусу менен 2016-жылы 6 адам катталган, 2017-жылы катталган эмес. Бруцеллез оорусу менен 2016-жылы 11, 2017-жылы 11 адам катталган. Шаардык Жалпы дарыгерлер практикалоо борборуна жаныбарлардан жабыркап 65, жолбун иттерден 12, талаа мышыктан 4, үй иттеринен 46 адам, 1 адам жылкыдан жабыркап кайрылгган. 2016-жылга салыштырмалуу 5 адамга көп катталган. 18 адамга сөзсүз түрдө, 26 адамга шарттуу түрдө антирабикалык вакцинага көрсөтмө берилген. Кутурма оорусу катталган эмес.
Жугуштуу жана паразитардык оорулар боюнча алдын алуу профилактикалык иш-чаралар өткөрүлгөн. ШОААжМСЭКБнун кызматкери фтизиатр дарыгери менен биргеликте кургак учук оорусун алдын алуу жана болтурбоо максатында лицейде, орто мектептерде, мекеме ишканаларда лекциялар окулган. Сарык оорусу боюнча медицина кызматкерлери арасында семинардык сбактар өткөрүлгөн, ЖДПБнун бардык бөлүмдөрүндө, Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобуна санитардык көрсөтмөлөр берилип аткарылышы көзөмөлгө алынган. Донор кандар текшерилмейинче куюга тыюу салынган, бардык бөлүмдөргө бир жолу саючу шприцтерди колдонууга көрсөтмө берилген. Сарык оорусун алдын алуу боюнча шаардык БББнүн башчысына, мектептин директорлоруна, бала-бакчалардын башчыларына санитардык көрсөтмөлөр берилген жана көзөмөлгө алынган.
Санитардык- бактериологиялык лаборатория керектүү бөлмөлөрдүн бардыгы камсыздандырылган. Бардыгы 13 үзгүлтүксүз толук сакталат, штат боюнча врач бактериолог 1,0 ставка, лаборант бактериолог 1,0 ставка, кенже кызматкер 1,0 ставка каралган. Бардык ставкалар жеке адамдар менен камсыздандырылган. Стерилдөө жана залалсыздандыруу режими боюнча эки автоклав иштейт, аларды гидравликалык сыноодон өткөрүү өз убагында жүргүзүлүп турат. Реактивдер жана азыктандыруучу чөйрөлөр жетиштүү.
Кара-Көл шаарынын калкынын санитардык-эпидемиологиялык бейкамдыгын камсыз кылуу максатында, жугуштуу ичеги карын ооруларынын таралышына шарт түзгөн айлана чөйрөнүн тазалыгын текшерип турууда колдонулуучу жабдуулар эскилиги жеткен, иштөө мөөнөтү бүткөн. Тышкы чөйрөнүн обьектилерине лабораториялык текшерүү жүргүзүүгө приборлор, жабдуулар жетишпейт.
Жогорудагы белгиленгендердин негизинде шаардык кеңештин кезектеги XXI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Көл шаардык оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун 2016-2017-жж. аткарган иштери жөнүндө мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун санитардык врачы Ж.А.Көчкөнбаеванын маалыматы жана шаардык кеңештин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиянын билдирүүсү эске алынсын.
2. ШОААжМСЭКБна (Т.Касымбеков) жугуштуу жана паразитардык оорулар, кургак учук оорусу 2016-жылга салыштырмалуу өсүп кеткендигине байланыштуу, алдын алуу максатында калк арасында профилактикалык, түшүндүрүү иш-чараларын жүргүзүү күчөтүлсүн.
3. ШОААжМСЭКБна (Т.Касымбеков) айлана чөйрөнүн тазалыгын текшерип турууда колдонулуучу эскилиги жеткен жана тышкы чөйрөнүн обьектилерине лабораториялык текшерүү жүргүзүүгө жетишпеген прибор, жабдууларды алуу боюнча тиешелүү мекемелер менен иш-чара жүргүзүү милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу шаардык мэрияга (Г.О.Сатарова), ШОААжМСЭКБна (Т.Касымбеков), көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына (Ж.С.Джуробаев) жүктөлсүн.
Төрага | Б.Н.Кыргызалиев |