Загрузка документа…
КАРА-КӨЛ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 10-октябры № 101/21-7
“Кара-Көл шаардык жалпы дарыгерлер практикалоо борборунун 2017-жылы аткарган иштери жөнүндө маалыматы”
Кара-Көл шаардык жалпы дарыгерлер практикалоо борборунун 2017-жылда аткарган иштери жөнүндө ЖДПБнун башкы врачы А.Ырысбековдун маалыматын жана шаардык кеңештин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Ж.С.Джуробаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап чыгып, депутаттардын Кара-Көл шаардык кеңешинин кезектеги XXI сессиясы төмөндөгүлөрдү белгилейт.
Шаарыбыздын калкын тейлөөдө стационардык 100 койка, 4 үй бүлөлүк дарыгерлер тобу (ГСВ), 2 ФАП бар. Хирургия бөлүмүндө 32 анын ичинде хирургиялык профилде 14, травматологияда 10, гинекология бөлүмүндө 8, терапия бөлүмүндө 27 анын ичинде терапиялык профилде 15, неврология бөлүмүндө 12, балдар бөлүмүндө 12, инфекция бөлүмүндө 15, төрөт бөлүмүндө 14 койка.
2017-жылда ЖДПБда врачтар штат боюнча бекитилген 62,5 иштеп жатканы 34, медсестралар штат боюнча 158 иштеп жатканы 158, кичи персоналдар штат боюнча 65,25 иштеп жатканы 62,25.
Жалпы дарыгерлер практикалоо борбору тейлеген калктын саны :
-ҮДТ (ГСВ) №1 2017-ж 8879 киши;
-ҮДТ (ГСВ) №2 2017-ж 6919 киши;
-ҮДТ (ГСВ) №3 2017-ж 5168 киши;
-ҮДТ (ГСВ) №4 2017-ж 1902 киши.
Калктын саны 2017-жылы 22868, анын ичинен 14 жашка чейинкилер 7678, 1 жашка чейинкилер 557, 1 жаштан 2 жашка чейинкилер 651, 5 жашка чейинки балдар 2614.
Дары дармекке 2017-жылга смета боюнча 200,0миң сом фактылык чыгым 334,5миң сом, кошумча төлөм смета боюнча 401,7миң сом фактылык чыгым 1872,6миң сом. ОМС смета боюнча 1705,9миң сом фактылык чыгым 1008,7миң сом. 1 оорулууга смета боюнча 135,7 фактылык чыгым 247,6 сомдон.
Тамак-ашка 2017-жылга бюджеттен смета боюнча 169,9миң сом факт.чыгым 169,9миң сом, кошумча төлөм смета боюнча 203,5миң сом факт.чыгым 567,6миң сом. Бир кишиге 28,75сомдон факт.чыгым 56,79 сомдон айланган.
Кара-Көл шаардык жалпы дарыгерлер практикалоо борбору КР саламакттыкты сактоо министрлигинин буйругу менен 2012-2018-жж. түзүлгөн “Ден соолук” улуттук программасынын негизинде иш алып барат. Кургак учукка, ВИЧ СПИДге, вирустук гепатитке, тифке каршы калк арасында профилактикалык негизде иш-чаралар, түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп турат. ЖДПБнун дарыгерлери тарабынан 2017-жылы кургак учукка каршы 1 айлык иш-чара жарыяланып, мектептерде, мекеме-ишканаларда, университетте лекциялар окулуп, түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн.
ЖДПБда медициналык кызматкерлер арасында ай сайын бейтаптарды сапаттуу тейлөө, врачтар тарабынан көрсөтүлгөн көрсөтмөлөрдү өз убагында аткаруу, бейтаптар арасында сапаттуу иш-чараларды жүргүзүү жана тааныштыруу иштери боюнча семинар окуулар өткөрүлүп турат. 2017-жылы стационардык дарыланууга 1637 бейтап түшкөн, анын ичинен 5 жашка чейин 368, экстренный 513, пландуу 1126.
Жаш балдардын төрөлүүсү жана өлүмү боюнча , 2017-жылы 234 бала төрөлгөн 1 жашка чейин 6, 2 жашка чейин 1 бала өлгөн.
Жогорудагы белгиленгендердин негизинде шаардык кеңештин кезектеги XXI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Көл шаардык жалпы дарыгерлер практикалоо борборунун 2017-жылда аткарган иштери жөнүндө А.Ырысбековдун маалыматы жана шаардык кеңештин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Ж.С.Джуробаевдин билдирүүсү эске алынсын.
2. Жалпы дарыгерлер практикалоо борборунун админстрациясына төмөндөгүлөр сунушталсын:
төрөт жана балдар бөлүмүндө балдардын өлүмүн кыскартуу боюнча иш аракеттерди жүргүзүү;
кадр маселесин чечүү, жаш кадрларга жашоого жана иштөөгө шарт түзүп берүү боюнча иш-чараларды жүргүзүү;
мэрия, ММБ менен биргеликте имараттардын ремонт иштерине тиешелүү көңүл бөлүп, эң зарыл болгон ремонт иштерине смета-долбоорлорду түздүрүп, шаардын бюджетинин долбооруна сунуштоо.
3. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу шаардык мэрияга (Г.О.Сатарова), ЖДПБна (А.А.Ырысбеков), көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына (Ж.С.Джуробаев) жүктөлсүн.
Төрага | Б.Н.Кыргызалиев |