Загрузка документа…
КАРА-КӨЛ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 10-октябры № 102/21-7
“Кара-Көл шаардык Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт бөлүмүнүн 2017-жылда аткарган иштери жөнүндө ”
Кара-Көл шаардык Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт бөлүмүнүн башчысы Д.М. Алымбаевдин Кара-Көл шаардык Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт бөлүмүнүн 2017-жылда аткарган иштери жөнүндө отчетун, шаардык кеңештин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Ж.С.Джуробаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап чыгып, Кара-Көл шаардык кеңешинин кезектеги XXI сессиясы төмөндөгүлөрдү белгилейт.
Кара-Көл шаардык Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт бөлүмү 2017-жылы календардык планга ылайык шаардык, областтык , республикалык, эл аралык, дүйнөлүк денгээлдеги спорттук иш- чараларга катышып турган.
2017-жылы жалпысынан 9 шаардык мелдеш, 3 областтык, 20 республикалык, 3 эл аралык, 1 Азиялык чемпионат өткөн. Шаардык спортчулар жогорудагы мелдештерге катышып, жалпысынан 15 алтын, 21 күмүш, 55 коло медалга жетишкен.
Кара-Көл шаарында эркин күрөш, волейбол боюнча жакшы өсүш жана жетишкендиктер бар. Спорттун башка түрлөрүнө дагы терең көңүл бөлүнүп, ийгиликтерге жетишүүгө аракеттер көрүлгөн. Спортчулардын ийгиликтүү машыгуусуна жетишерлик шарттар түзүлгөн, дене-тарбия жана спорт бөлүмү тарабынан түзүлгөн календарлык иш план боюнча жергиликтүү бюджеттен тиешелүү каражаттар бөлүнүп турат.
Жогорудагылардын негизинде Кара-Көл шаардык кеңешинин кезектеги XXI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Көл шаардык Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт бөлүмүнүн башчысы Д.М. Алымбаевдин Кара-Көл шаардык Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт бөлүмүнүн 2017-жылда аткарган иштери жөнүндө маалыматы, шаардык кеңештин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Ж.С.Джуробаевдин билдирүүсү эске алынсын.
2. Кара-Көл шаардык Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт бөлүмү (Д.М.Алымбаев) спорттун бардык тармактарын, анын ичинде бокс, футбол, тогуз коргоолду өнүктүрүү боюнча иш-аракеттерди жүргүзсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Кара-Көл шаардык Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт бөлүмүнө (Д.М.Алымбаев), ал эми көзөмөлдөө шаардык кеңештин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына (Ж.С.Джуробаев) жүктөлсүн.
Төрага | Б.Н.Кыргызалиев |