Загрузка документа…
КАРА-КӨЛ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 10-октябры № 103/21-7
“Кара-Көл шаардык кеңешинин депутаты Ж.Д.Матназарованын сунушу жөнүндө”
Кара-Көл шаардык кеңешинин депутаты Ж.Д.Матназарованын сунушун угуп жана талкуулап чыгып, Кара-Көл шаардык кеңешинин мандат, регламент, этика, укуктук маселелери жана коомдук уюмдар, партиялар менен иштөө, идеология, дин иштери боюнча туруктуу комиссиясынын чечимин эске алып, Кыргыз элинин белгилүү жазуучусу Ч.Т.Айтматовдун атын Кара-Көл шаарынын балдар чыгармачылык үйүнө ыйгаруу максатында Кара-Көл шаардык кеңешинин кезектеги XXI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Көл шаарынын балдар чыгармачылык үйүнө Кыргыз эл жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун атын ыйгарууга макулдук берилсин.
2. Кара-Көл шаардык жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгы ( Г.Р.Сооронбаева), Кара-Көл шаардык архитектура жана шаар куруу башкармалыгы (Ызаков Б.) эсепке алуу нвентаризациялык маалыматтарга тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизсин.
3. Бул токтомду Кыргыз Республикасынын укуктук-ченемдик актыларынын Мамалекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүү шаардык кеңештин аппаратына жүктөлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кара-Көл шаардык кеңештин мандат, регламент, этика, укуктук маселелери жана коомдук уюмдар, партиялар менен иштөө, идеология, дин иштери боюнча туруктуу комиссиясына (У.С.Эшенкулов) жүктөлсүн.
Төрага | Б.Н.Кыргызалиев |