Загрузка документа…
КАРА-КӨЛ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 10-октябры № 107/21-7
Кара-Көл шаардык мэриянын муниципалдык менчик башкармалыгынын кайрылуусу жөнүндө
Кара-Көл шаардык мэриянын муниципалдык менчик башкармалыгынын башчысы Э.Э.Бабакановдун Кара-Көл шаарынын тургуну Ж.А.Сарсеитовдун арызы боюнча кайрылуусун жана бул маселе боюнча шаардык кеңештин өндүрүш, курулуш, архитектура, турак жай, коммуналдык чарба, муниципиалдык менчик жана жер маселелери, инвестиция боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы А.О.Тайчабаровдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап чыгып, Кара-Көл шаардык кеңешинин кезектеги XХI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Көл шаарынын тургуну Ж.А.Сарсеитовго Кара-Көл шаарынын Чоң-Таш көчөсүндөгү эски гравзаводдун айланасынан кичи завод курууга убактылуу пайдаланууга жер тилкесин бөлүп берүүгө макулдук берилсин.
2. Кара-Көл шаардык мэрия ( И.М.Еркеев ), шаардык ММБ ( Э.Э.Бабаканов) кичи завод курууга жер берүү боюнча мыйзам чегиндеги иш –аракеттерди жүргүзсүн.
3. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу шаардык мэрияга (И.М.Еркеев), муниципалдык менчик башкармалыгына (Э.Э.Бабаканов), аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин өндүрүш, курулуш, архитектура, турак жай, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана жер маселелери, инвестиция боюнча туруктуу комиссиясына (А.О.Тайчабаров ) жүктөлсүн.
Төрага | Б.Н.Кыргызалиев |