Загрузка документа…
КАРА-КӨЛ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 10-октябры № 109/21-7
“Кара-Көл шаарынын 1-вице-мэри Өскөн уулу Калыбайдын кайрылуусу жөнүндө”
Кара-Көл шаарынын 1-вице-мэри Өскөн уулу Калыбайдын кайрылуусун жана бул маселе боюнча шаардык кеңештин өндүрүш, курулуш, архитектура, турак жай, коммуналдык чарба, муниципиалдык менчик жер маселелери, инвестиция боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы А.О.Тайчабаровдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап чыгып, Кара-Көл шаардык кеңешинин кезектеги XХI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Көл шаарынын тургуну, жеке ишкер К.Смадияровага Кетмен-Төбө айыл аймагынан “Дата-Центр” ишканасын курууга убактылуу пайдаланууга жер тилкесин бөлүп берүүгө макулдук берилсин.
2. Жеке ишкер К.Смадиярова менен шаардык мэриянын ортосунда түзүлүүчү келишимге экологиялык, өндүрүштүк коопсуздук талаптарын бузбоо милдеттерин жана башка мыйзам чегинде талаптарды киргизүү Кара-Көл шаарынын мэриясына жана Кетмен-Төбө аймактык башкармалыгына милдеттендирилсин.
3. Кара-Көл шаардык жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгына жылына түзүлүүчү жер балансына тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүү жагы жүктөлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу шаардык мэрияга (И.М.Еркеев), муниципалдык менчик башкармалыгына (Э.Э.Бабаканов), Кетмен-Төбө айылдык аймактык башкармалыгына (С.Ж. Ниязалиев) ал эми контролдоо жагы шаардык кеңешинин өндүрүш, курулуш, архитектура, турак жай, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана жер маселелери, инвестиция боюнча туруктуу комиссиясына (А.О.Тайчабаров ) жүктөлсүн.
Төрага | Б.Н.Кыргызалиев |