Загрузка документа…
КАРА-КӨЛ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 10-октябры № 110/21-7
“Кара-Көл шаарынын мэри И.М.Еркеевдин кайрылуусу жөнүндө”
Кара-Көл шаарынын мэри И.М.Еркеевдин “Джейди Энерджи” жоопкерчилиги чектелген коомдун башкы директору А.Боровковдун арызы боюнча кайрылуусун жана бул маселе боюнча шаардык кеңештин өндүрүш, курулуш, архитектура, турак жай, коммуналдык чарба, муниципиалдык менчик жана жер маселелери, инвестиция боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы А.О.Тайчабаровдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап чыгып, Кара-Көл шаардык кеңешинин кезектеги XХI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Джейди Энерджи” жоопкерчилиги чектелген коомго Кара-Көл шаарынын “Комсомол” көлүнүн күн чыгыш тарабындагы эски аэродромдун жанынан жеңил конструкциядагы дата-центр курууга убактылуу пайдаланууга жер тилкесин бөлүп берүүгө макулдук берилсин.
2. Кара-Көл шаардык мэрия ( И.М.Еркеев ), шаардык ММБ ( Э.Э.Бабаканов) жер берүү боюнча мыйзам чегиндеги иш –аракеттерди жүргүзсүн.
3. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу шаардык мэрияга (И.М.Еркеев), муниципалдык менчик башкармалыгына (Э.Э.Бабаканов), аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин өндүрүш, курулуш, архитектура, турак жай, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана жер маселелери, инвестиция боюнча туруктуу комиссиясына (А.О.Тайчабаров ) жүктөлсүн.
Төрага | Б.Н.Кыргызалиев |