Загрузка документа…
КАРА-КӨЛ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 10-октябры № 111/21-7
“Кара-Көл шаардык кеңешинин 20.09.2017-жылдагы № 43/9-7 токтомунун тиркемесине өзгөртүү киргизүү жөнүндө”
”Жергиликтүү өз алдына башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын 32- беренесин жетекчиликке алып, Кара-Көл шаардык кеңешинин кезектеги XXI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Көл шаардык кеңешинин 20.09.2017-жылдагы № 43/9-7 токтомунун тиркемесине төмөндөгүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- тиркеменин 2- абзацындагы Кара-Көл шаардык кеңешинин мандат, регламент, этика, укуктук маселелери жана коомдук уюмдар, партиялар менен иштөө, идеология, дин иштери боюнча туруктуу комиссиясынын курамындагы Макушев Майрамбек Жумашевичтин ордуна Дуйшалыев Асхат Дуйшалыевич ;
- тиркеменин 4-абзацындагы Кара-Көл шаардык кеңешинин өндүрүш, курулуш, архитектура, турак жай, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана жер маселелери, инвестиция боюнча туруктуу комиссиясынын курамындагы Дуйшалыев Асхат Дуйшалыевичтин ордуна Макушев Майрамбек Жумашевич киргизилсин.
Төрага | Б.Н.Кыргызалиев |