Загрузка документа…
ПОКРОВКА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
25-чакырылышынын кезексиз 3-сессиясы
2018-жылдын 12-июну № 16
Аймактык коомдук Кеңеш жөнүндө
Жарандардын жергиликтүү маанидеги маселелерин өз демилгелери, өз жоопкерчилиги жана өз алдынча чечүүнү уюштуруу үчүн аймактык коомдук кеңештин ишмердүүлүгүн талкууга салып айылдык кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Аймактык коомдук өз алдынча башкаруу деп жарандардын жашаган жерлеринде айыл аймактын жергиликтүү маанидеги маселелерди өз демилгелери менен өз жоопкерчилиги жана өз алдынча чечүү үчүн Покровка айыл өкмөтүндө Аймактык коомдук Кеңеш түзүлсүн.
2. Покровка айылдык аймагынын Аймактык коомдук Кеңеши тууралуу типтүү жобосу бекитилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы А.Б.Жалиловго тапшырылсын.
Төрага | М.Садыков |