Загрузка документа…
ПОКРОВКА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
25-чакырылышынын кезексиз 3-сессиясы
2018-жылдын 12-июну №17
Жер салыгы жөнүндө
Мамлекеттик салык кызматынын Манас району боюнча башкармалыгынын жетекчиси Г.Касаболотованын кайрылуусун талкууга салып айылдык кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Салык Кодексинин 337-беренесинин 6-пунктуна ылайык 2018-жыл үчүн айыл-чарба жерлеринин салыктык төлөмдөрүнүн базалык ставкалары өзгөртүүсүз калтырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Салык Кодексинин 339-беренесинин 4-пунктуна ылайык айыл-чарбасына арналбаган жана огород жер салыгын пайдалануу үчүн (К3)=1,034 коэффиценти өзгөртүүсүз калтырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл чарба тармагы боюнча комиссиянын төрагасы Ч.Т.Курманбаевге милдеттендирилсин.
Төрага | М.Садыков |