Загрузка документа…
ПОКРОВКА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
25-чакырылышынын кезексиз 3-сессиясы
2018-жылдын 12-июну №21
Дарыгерлерге кошумча түрткү берүү чаралары жөнүндө
Кыргыз Республикасынын алыскы райондорунда, чакан шаарларында жана айыл жергесинде жайгашкан саламаттык сактоо уюмдарында иштеген дарыгерлерге кошумча түрткү берүү чаралары жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 16-августундагы № 570 токтомун аткаруу максатында айылдык кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Райондук Жалпы дарыгерлер практикалык борборунда иштеген дарыгерлер М.А.Таджибаев жана Насыпбек уулу Азаматга кошумча түрткү берүү чаралары көрүлсүн.
2. КЭБнүн башчысына (К.Жунусбаев) 2018-жылдын 1-июнунан баштап турак жай ижарасына ай сайын 1000 сомдон акча каражаты жергиликтүү бюджеттен төлөп берүү жагы милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы А.Б.Жалиловго тапшырылсын.
Төрага | М.Садыков |