Загрузка документа…
ПОКРОВКА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
25-чакырылышынын кезексиз 3-сессиясы
2018-жылдын 30-августу №23
Э.А.Жумабекова жөнүндө
Покровка айылынын тургуну Э.А.Жумабекова М.Кояшев көчөсүндөгү турак жайына тиешелүү жер аянтына жаңы курулган “Каусар” кафесинин жол жак бетин ижарага берүү боюнча кайрылуусун талкуулап айылдык кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Покровка айылынын М.Кояшев көчөсүндөгү “Каусар” кафесинин жол жак бетин ижарага берүү боюнча Покровка айылынын тургуну Э.А.Жумабекованын кайрылуусу канаттандырылсын.
2. Покровка айылынын М.Кояшев көчөсүнүн түндүк жак бетиндеги “Каусар” кафесинин жол жак бетинен жалпысы 7,5 метр кв жер аянты убактылуу ижарага берилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл чарба тармагы боюнча комиссиянын төрагасы Ч.Т.Курманбаевге милдеттендирилсин.
Төрага | М.Садыков |