Загрузка документа…
БЕРДИКЕ БААТЫР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VII –чакырылышынын кезектүү №17 сессиясы
2018-жылдын 15-марты № 67
Штаттык бирдикке өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Депутаттардын Бердике баатыр айылдык Кенешинин V I I–чакырылышынын кезектүү №17 сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Бердике баатыр айыл өкмөтүнүн калкынын санына жараша айыл өкмөтүнүн типтүү түзүмү жана штаттык саны 1 тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Айылдык аймактык администрациялык борбору болуп саналган калктуу пунктан тышкары ар бир калктуу пункта жетектөөчү адистин деъгээлинде кызматтык маянасы менен ошол калктуу пунктун тургундарынын ичинен “Айыл башчысы” (айылдын старостасы) кызмат орду (1 штаттык бирдик) бекитилсин.
3. Жалпы аскердик милдеттердин талаптарын аткарууну камсыздоо үчүн каттоодо 300 чейинки аскерге милдеттүү жана аскерге чакырылуучу бар болгондугуна байланыштуу, бир бошотулган кызматкер- аскерди-эсепке алуу столунун инспекторунун кызмат оруну (1 штаттык бирдик) бекитилсин.
4. Бекитилген айыл өкмөтүнүн типтүү түзүмү жана штаттык санына жараша каржы бөлүмүнүн башчысы (Р.Алыбаева) тарабынан эмгек маяналарын каржылоо жагы каралсын.
5. Токтомду аткаруу айыл өкмөт башчысы М.Борбашовго жүктөлсүн.
Төрага | А.Алымбеков |