БЕРДИКЕ БААТЫР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VII –чакырылышынын кезектүү №17 сессиясы
2018-жылдын 15-марты № 69
Бердике баатыр айыл аймагы боюнча айыл чарба жерлерин пайдалангандыктан жер салыгын базалык ставкаларын кароо жөнүндө
Депутаттардын Бердике баатыр айылдык Кенешинин VII–чакырылышынын кезектүү №17 сессиясы Мамлекеттик салык кызматынын Талас району боюнча башкарамалыгы тарабынан жөнөтүлгөн Кыргыз Республикасынын салык кодексинин 337 беренесинин 1 жана 6 бөлүктөрүндөгү айыл чарба жерлерин пайдалангандык үчүн жер салыгын базалык ставкаларын көбөйтүү үчүн сунушталган катын карап чыгып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бердике баатыр айыл өкмөтү боюнча Кыргыз Республикасынын салык кодексинин 337 беренесинин 1 бөлүгүндө каралаган Талас районуна тийиштүү болгон айыл чарба жерлерин пайдаланган үчүн жер салыгынын базалык ставкалары 2018-жылга Бердике баатыр айыл өкмөтүндө өзгөртүүсүз калсын.
2. Токтомдун аткарылышы айыл өкмөт башчысына жүктөлсүн
Төрага | А.Алымбеков |