Редакцияот 15.03.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БЕРДИКЕ БААТЫР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

VII –чакырылышынын кезектүү №17 сессиясы

2018-жылдын 15-марты № 70

Бердике баатыр айыл аймагы боюнча жер салыгынын зоналдык коэффициэнтин кароо жөнүндө

Депутаттардын Бердике баатыр айылдык Кенешинин VII–чакырылышынын кезектүү №17 сессиясы Мамлекеттик салык кызматынын Талас району боюнча башкарамалыгы тарабынан жөнөтүлгөн Кыргыз Республикасынын салык кодексинин 339 беренесинин 4 бөлүгүнүн негизинде жер салыгынын зоналдык коэффициэнтин карап чыгып

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын салык кодексинин 339 беренесинин 4 бөлүгүндө каралаган Бердике баатыр айыл аймагы боюнча жер салыгынын зоналдык коэффиценти 1ге барабар болсун.

2. Токтомдун аткарылышы айыл өкмөт башчысына жүктөлсүн

 

Төрага

А.Алымбеков