Загрузка документа…
БЕРДИКЕ БААТЫР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VII –чакырылышынын кезектүү №17 сессиясы
2018-жылдын 24-майы № 76
Бердике баатыр айыл аймагындагы Кум-Арык айылындагы К.Кушубеков жана Ж.Бейшенов көчөлөрүндөгү 151 даана кара жыгач жөнүндө
Кумарык айылыныдагы К.Кушубаков жана Ж.Бейшенов көчөлөрүнүн тургундарынын арыздарын карап чыгып, Депутаттардын Бердике баатыр айылдык Кеңешинин V I I–чакырылышынын кезексиз №18 сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. К.Кушубаков көчөсүндөгү 67 даана жана Ж.Бейшенов 84 даана кара жыгачтардын бутактары куурап, электр чубалгыларына жана андагы жашаган тургундардын короо сарайларын, турак үйлөрдүн чатырларын талкалап кетүү коркунучун жаратууда, ошону алдын алуу максатында курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттигинен уруксат алуу иштери жүргүзүлсүн.
2. Керектүү жерлерден мыйзам негизинде уруксат алынгандан кийин, жалпы 151 даана кара жыгач кесилип, сатылып, андан түшкөн каражат жарыктандыруу иштерин жүргүзүүгө жумшалсын.
3. Токтомдун аткарылышы айыл өкмөт башчы М.Борбашовго жүктөлсүн.
Төрага | А.Алымбеков |