Загрузка документа…
БЕРДИКЕ БААТЫР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VII –чакырылышынын кезектүү №18 сессиясы
2018-жылдын 24-майы № 77
Айыл чарба багытындагы жерлер категориясынан Калктуу конуш жерлер категориясынын курулуш алдындагы жерлерге которуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин 2017-жылдын 6-январындагы №02-2/109 билдирүүсү Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин 20.02.2017-жылдагы №04-3/679 билдирүүсүн карап көрүп, Кыргыз республикасынын2013-жылдын15-июлундагы №145 “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө” Мыйзамын жетекчиликке алып. Депутаттардын Бердике баатыр айылдык Кенешинин VII–чакырылышынын кезексиз №18 сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бердике баатыр айылдык аймактык Кеъешинин 2017-жылдын 28-февралындагы №10 токтому жокко чыгарылсын.
2. Бердике баатыр айыл аймагынын административдик чегиндеги №863 чөйрө сызыгынан 1,59 га сугат айдоо жер участогу Арашан айылына жаъы мектеп куруу максатында «Айыл чарба багытындагы жерлер» категориясынын 1,59 га сугат айдоо жер участогун «Калктуу конуш жерлер» категориясынын курулуш алдындагы жерлерге которуу боюнча макулдук берилсин.
3. «Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө» Мыйзамдын 9 беренесинин 9 пунктуна ылайык жер участокторун бир категориядан башкасына же чарба жерлеринин башка түрүнө которуу жөнүндө жерге жайгаштыруу көктөмөсүн даярдоо менен байланышкан иштерди каржылоо жергиликтүү бюджеттин каражатынын эсебинен жүзөгө ашырылсын.
4. Жер участогу трансформациялангандан кийин Бердике баатыр айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине өткөрүп алуу жагы каралсын.
5. Жер участокторун которуу жөнүндө Мыйзамына ылайык жерлерди транформациялоо боюнча иш кагаздарды бүткөрүү жагын, Бердике баатыр айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлсүн.
Төрага | А.Алымбеков |